Эко-Билим тармагы

“Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган ак илбирсти коргоо долбоорунун негизинде мугалимдердин “Эко Билим” тармагы уюшулган. Анын алгачкы мүчөлөрү Тянь-Шань тоолорунда илбирстер таралган аймактардын мугалимдери болушкан. Бара-бара акырындык менен тармак кеңейди. Азыркы учурда “Эко Билим”  тармагына Кыргыз Республикасынын ар түрдүү аймактарынан 20 мектеп кирген.  

Тармактын мүчөлөрү

“Эко Билим” тармагынын мугалимдери өз кесиптеринин мыкты адистери, өз мекенинин чыныгы патриоттору жана демилгечилери. Алар өз мектептеринде эко-клубдарды, лидерлик клубдарды ачышып, фестивалдарды, эко-акцияларды, конкурстарды жана ачык сабактарды өткөрүп жатышат.

Нарын облусу

Шадыканова Г. Ж.

География мугалими

М.Мамбетов атындагы орто мектеп

Эки-Нарын айылы

Карымбаева Н. А. 

География мугалими

Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеп

Абдыжапарова Б.

Биология мугалими

 М.Кенжакунова атындагы орто мектеп

Кайыңды айылы

Шамырбекова Г.К.

Биология мугалими

Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектеп

Казыбек айылы

Аманкулов Т. М.

Директор

Токтогул Байсалов атындагы орто мектеп

Миң-Булак айылы

Шыгаева А.С.

География мугалими

Токтогул Байсалов атындагы орто мектеп

Миң-Булак айылы

Асанова Гуланда

Тарбия завуч,англис тил мугалими

Ой –Терскен атындагы орто мектеп

Ача-Кайыңды айылы

Үркүнбаева А. М.

Англис жана орус тил мугалими

Ой –Терскен атындагы орто мектеп

Ача-Кайыңды айылы

 

“Эко Билим” тармагынын мугалимдери этно жана эко-билим берүү боюнча кызыктуу методикаларды колдонуу менен өткөргөн сабактар  жаш муундарды окутууда айлана-чөйрөнүн проблемаларын чече алган, жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялап чыгууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. Окуучулар жаратылышты сактап, анын байлыктарын акыл-эс менен пайдаланууга  умтулушат.

Иштөө багыттары:

1
Жаны технология мүмкүнчүлүктөрүн, усулдарды колдонуу аркылуу этно-экология багытында сабаттуулукка үйрөтүү
2
Долбоорлор менен иш алып баруу, инвестиция тартуу
3
Экологиялык сынактарга активдүү катышуу. Өнөктөштөр менен иш алып баруу
4
Салттуу экологиялык билим аркылуу келечек муундарды жаратылышты коргоого калыптандыруу
5
Жер-жерлерде экологиялык көйгөлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун табуу
© 2020 Эко-Билим

Please publish modules in offcanvas position.