Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык мааракеси

 

Жал айылындагы Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу чоң иш-чара өткөрүлдү. 👏👏👏👏

Иш-чаранын алкагында «Улуттук суусундуктар», «Улуттук нан азыгы», «Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү» көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук тамак-аш жарманкеси болду.

Окуучулар «Тилим менин тирегим», «Боз үй», «Комуз», «Улуттук оюндар» темаларында долбоордук иштерин жактап беришти.

«Мамлекеттин келечеги – мамлекеттин тилинде» аттуу сахналаштыруу көрүүчүлөрдүн назарын бурду.

Улуттук кийимдер парадын окуучулар абдан чоң кызыгуу менен көрүштү. Ушул эле учурда башталгыч класстарда ачык сабактар өтүп жатты. Мындан тышкары #TaalimForum КФ тарабынан тартылган «Мурас» документалдык фильми көрсөтүлүп, окуучулар менен талкуулар жүргүзүлдү.

#EcoBilimTarmagy нын мүчөсү Султаналиева Динара Жолдошбековнага терең ыраазычылык билдиребиз!!!

#23сентябрь#ЖалАйылы



© 2020 Эко-Билим

Please publish modules in offcanvas position.